Кытай абагындагы муслималардын абалы

Анын айтымында, муслима аялдар күн сайын спорттук машыгуу деген шылтоо менен чуркоого чыгарылат. Кары аялдар оор шартка чыдабай, тез кыймылдоого алы жетпей жыгылып калса, алардын бутуна ок атып майып-мунжу кылынат. Кыштын эң суук күндөрүндө да муслима туткундарды муздак суу менен кыйноо токтогон эмес. Чачын тараганы үчүн бир топ муслималардын чачтарын жулуп же кырып салышкан. Күн сайын көптөгөн туткундар кыйноолор себептүү жан берет жана алардын сөөгү тез арада жок кылынат.